7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош: Жол кырсыкты болтурбоо үчүн жаркылдоочу макеттер орнотулууда

712

Ош облусунда түнкүсүн жаркылдоочу макеттер орнотулууда. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.

Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн үгүт-насаат ишитеринин алкагында жол транспорт кырсыктарын болтурбоо жана азайтуу максатында, ошондой эле каттуу ылдамдыкта айдаган айдоочуларга профилактика иретинде, түнкүсүн кадимки кызматтык унаадай жаркылдап турган жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган атайын макеттер талдоонун негизинде жол унаа кырсыктары көп катталган аймактарга орнотулууда.

Азыркы учурда бул макеттер Ош облусунун Өзгөн жана Кара-Суу райондоруна орнотулуп, жакынкы күндөрү башка райондорго да орнотуу каралууда.

Жергиликтүү жашоочулардын айтымында мындай ыкма жакшы натыйжа берип жаткандыгын айтышып, мектепке жакынкы жолдорго жана калктуу конуштарды кесип өткөн чоң жолдорго да түнкүсүн койуп берүүнү өтүнүшүүдө.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

713