Кызыл-Кыяда өз ара пикир келишпестиктен улам жаран ок чыгарып, жеринде бир киши мерт кетти. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-октябрда саат 02:15 чамасында, Кызыл-Кыя ШИИБге спирт ичимдиктерин саткан дүкөндө ызы-чуу болуп, белгисиз жаран ок атуучу курал менен белгисиз жаранды атып салгандыгын билдирген кабар келип түшкөн.
Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу менен барып, төмөнкүлөрдү аныктаган:
Аталган жайда Кызыл-Кыя шаарынын 32 жаштагы Л.Ш. аттуу жараны менен Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылынын 27 жаштагы И.У. аттуу тургуну экөө өз ара пикир келишпестиктен улам, ызы-чуу чыгып, натыйжада 27жаштагы И.У.өзү менен алып жүргөн белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал менен 32жаштагы Л.Шнын ичине атып жиберип окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткендиги маалым болгон. Ал эми Л.Ш. Кызыл-Кыя шаарынын жалпы дарыгердик практикалык борборунун жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, алган жараатынан улам каза болгон.
Бул маалымат Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү 27 жаштагы И.Унун жүргөн жерин аныктоо үчүн ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
Тергөө иштеринин маалыматына ылайык, каза болгон жаран жана издөөгө алынган жаран дагы мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган экендиги аныкталды.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Буга чейин соиалдык тармактарда окуянын видеосу тараган болчу.