«Манас аэропорту – Бишкек» унаа жолунда синтетикалык баңгизат менен Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-октябрда Чүй облусунун Сокулук районундагы Комсомольское айылынын жанындагы «Манас аэропорту – Бишкек» унаа жолунда шектүү кармалып, унаасынан жалпы салмагы 415 граммды түзгөн “Альфа-PVP” аталышындагы синтетикалык баңгизаты, ошондой эле жалпы салмагы 114 граммды түзгөн «Мефедрон» баңгизаты табылып, алынган.
Кармалган жаран, Ысык-Көл облусунан. Учурда Токмок шаарында жашап жаткан 1979-жылы туулган Ю.У.Э. Ал УКМК тергөө камак жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.