7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде аткезчилик жол менен жер семирткичти ташыган жаран кармалды

656

УКМК Кыргызстандын мамлекеттик чек ара тилкелеринде аткезчиликтин алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Аталган кызматтан билдиришкендей, 2023-жылдын 16-январында Лейлек районунун Сада аймагында УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Чек ара кызматы менен биргеликте 03 KG 249 ACM мамлекеттик номурлуу “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унааны кармаган.

Көрсөтүлгөн унаанын айдоочусу 1994-жылы туулган А.Я.М., селитра түрүндөгү минералдык жер семирткич жүктөрдү контрабандалык жол менен ташууга шектелип, Баткен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалып, унаасы УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгына киргизилди.

Бул факты УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан маалыматты каттоо журналына катталып, тергөө-ыкчам иш-чаралары башталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

657