Буга чейин фейсбук социалдык тармагында Кайып Шер аттуу колдонуучу Назгүл Төлөмушованын сөөгүн алып келе жаткан чартердик учакты (BYS 765 каттамы, Минск-Бишкек) бийлик Бишкекке кондурбай койду деп жазып чыккан. Бул маалымат жалган экенин Манас аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
«Айтылуу каттам Бишкекке 17-январда 10:58де келип конуп, тийиштүү аэропорттун кызматтар тарабынан тейленген бардык авиациялык талаптарга ылайык»,- деп берилет маалыматта.