7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде жол кырсыгынан эки адам жаракат алып, бир киши каза болду

774

Баткендин Кадамжай районунда жол кырсыгынан бир киши каза таап, эки адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн Ош — Баткен — Исфана унаа жолунун 158-чакырымында болгон. Билдирүү алгач Тез жардам кызматына түшкөн.

«ВМW үлгүсүндөгү жеңил унаанын дөңгөлөгү жарылып жолдон чыгып кеткен. Анын ичинде төрт эркек киши отуруп бараткан. Бир адам ошол жерден каза тапты, ал Өзбекстандын 43 жаштагы тургуну экени белгилүү болду», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жабыркаган эки киши Кадамжай аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Куткаруучулар каза болгон жарандын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

775