7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде жумушсуз аялдарга ишкердигин өнүктүрүү үчүн грант берилди

734

Баткен облусунда жумушсуз аялдарга ишкердигин өнүктүрүү үчүн грант берилди. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарында 20 аял инсандык өнүгүү, бизнести пландаштыруу боюнча окутууга катышкан. Алар кулинария, тигүүчүлүк, өз ишмердүүлүгүн социалдык тармактар аркылуу алдыга жылдыруу, товарды же кызматты жарнамалоо, айыл чарба продукцияларын чакан күнөсканаларда өндүрүү, аймакта өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын рыноктун талабына ылайык кургатууну, бизнес план түзүүнү үйрөнүшкөн.

Окутуулардын жыйынтыгы менен бизнес план түзгөн 8 аял, 400 долларлык грантка ээ болушту. Өз бизнесин түптөөнү максат кылган кыз келиндерге, ишмердүүлүгүнө зарыл болгон жабдуулар ыйгарылды.

Бул саамалык “Диалог, ишеним, укук” Коомдук Бирикмесинин “Баткен шаарында үй бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу” долбоорунун алкагында ишке ашты.

Белгилей кетсек долбоордун алкагында аялдар зомбулукка кабылган жарандарга алгачкы психологиялык жардам көрсөтүү, стресстен өзүн алып чыгуу боюнча да окутуулардан өтүшкөн.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

735