7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Апрелде 500 тонна кумшекер, 3 миң тонна өсүмдүк майы сатылып алынат

901

Ушул жылдын апрель айында Кыргызстан 500 тонна кум шекер жана 3 миң тонна өсүмдүк майын сатып алат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, ички базарда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана негизги азык-түлүк товарларына бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Мариповдун тапшырмасы боюнча, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду кум шекер жана өсүмдүк майын Россия Федерациясынан сатып ала баштады.

Буга байланыштуу 506 тонна күн карама майы жана 3 миң 46 тонна кум шекер жеткирүү боюнча келишимдер түзүлдү.

Аталган продукцияларды Кыргыз Республикасына импоттоону ушул жылдын апрель айында жүргүзүү пландалууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

902