7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткендеги Ак-Суу каналы курулса, 100гө жакын гектар жер өздөштүрүлөт

567

ӨКМ министри, генерал-майор Бообек Ажикеев андан аркы иш сапарында Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Ак-Суу каналынын курулушу менен таанышты.

2500 метр узундуктагы аталган каналдын курулушу бүткөрүлсө, Жеңиш, Ак-Суу айылдары жана эгин аянттары сел коркунучунан корголот. Мындан сырткары, кошумча 95 гектар жер аянты өздөштүрүлмөкчү. Учурда бул долбоордун курулуш иштеринин алгачкы этабы башталып, техникалар иштеп жатат.

Ал эми Сүлүктү шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө болгон жолугушууда министр авариялык абалда турган имаратты көрүп чыгып, шаар мэри Болот Жапаровго имаратты куруу демилгесин көтөрүү жана башка тапшырмаларды аткаруу боюнча сунуштарды берди. Андан аркы жолугушуу Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын Сүлүктү шаарындагы взводунда болуп, куткаруучулардын иштөө шарты жана техникалык каражаттары менен таанышты.

568