7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таланттуу сатирик Жолочу Рысбаев дүйнө салды

516

Кыргыз эли, улуттук адабияты оор жоготууга учурады. Таланттуу, чебер сатирик, юморчу жана фельетончу, Кыргыз Республикасынын эл акыны Жолочу Султанович Рысбаев 75 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Жолочу Рысбаев Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Жылуу-Булак айылында 1949-жылы 25-июнда туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин Фрунзе шаарындагы В.И.Ленин атындагы машина куруу заводунда жумушчу болуп иштөө менен бирге 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин сырттан окуп бүтүргөн.

Алгачкы чыгармачылык эмгек жолун 1975-жылдан тарта Кыргыз телерадио берүү компаниясында редактор болуп баштаган.
1988-жылдан тартып СССР жазуучулар союзунун мүчөсү.

Бир катар аңгемелердин, сатилалык чыгармалардын жана обондуу ырлардын автору.

517