Баткен облусундагы чек арага чектеш жайгашкан Кулуңду айылынын аяначтуу абалдагы бейтапканасы жаңыланат. Ал 1964-жылы курулган.
Кечээ, 22-мартта «Кулуңду жалпы дарыгерлик-практика борборунун»жаңы имаратынын курулушу башталды.
Маалыматка ылайык, курулушту «Ас-Сафа-Борбору» коомдук бирикмеси каржылайт.
Аталган имараттын жалпы сметалык баасы 28 миллион сомду түзөт.