7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дордой конушундагы жаңы бала бакчанын курулушуна тендер жарыяланды

518

Бишкектин Дордой конушундагы жаңы бала бакчанын курулушуна тендер жарыяланды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 балага, алты группага ылайыкташтырылган.
«Долбоордун сметасы жана документ иштери толук аягына чыкты. Курулган имаратта оюн бөлмөсү, уктоочу бөлмө, ашкана, даараткана, медициналык кабинет, музыка жана гимнастика залы болот.
Тендер Бишкек шаардык мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгында өтөт. Курулуш иштеринин алгачкы сметасы 48 миллион 398 миң 113 сомду түздү. Чыгымдар шаардык бюджеттен каржыланат», — деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

519