7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткендеги массалык кагылышууда УКМКнын кызматкерлери жабыркашты

873

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандары атайын кызматтын кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөтүшкөн. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдады.

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Мамлекеттик чек ара аркылуу контрабандалык жол менен ташылган жүктөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Баткен областынын аймактар аркылуу товарларды мыйзамсыз ташуу жолдоруна тиешелүү улантылып жаткан иш-чаралар, Кыргыз Республикасынын жарандарынын — чек ара конуштарынын тургундарынын массалык нааразычылыгын жаратууда. Белгилей кетсек, Тынымсыз өтүп жаткан аткезчиликке нааразы болгон тургундар, мамлекеттик органдарга нааразычылыгын билдирип «аракетсиздикке» айыптап, тиешелүү чараларды көрүүнү талап кылышууда.Бирок, 2021-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүмү (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Баткен районунун Самаркандек айылындагы кампага токтомунун негизиндеги тинтүү жүргүзүү учурунда, кампанын ээси Маширап Абдусаламов жетектеген 20га жакын адамдан турган жарандар, контрабандалык жүктү кармоого жол бербөө үчүн, УКМК мыйзамдуу иш аракеттерине каршы ок атуучу куралды колдонуп, физикалык каршылык көрсөтүшкөн.

Ошентип, кылмыштын процесстик документтерин алдын алуу максатында, аткезчилер тобу менен УКМК кызматкерлеринин ортосунда массалык кагылышуу болгон. Мамлекеттик каттоо номерлери жок, оор жүк ташуучу алты унаанын экөө чек арадан чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн. Салгылашуунун жыйынтыгында УКМКнын эки кызматкери денесине жеңил жаракат алышкан.

Учурда окуянын катышуучулары кармалып, бул иш боюнча ИИБ ыкчам-тергөө тобу биргеликте иштеп жатат.

Бул факт боюнча УКМК кылмыштын бардык жагдайларын жана катышуучуларын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чараларын улантууда.
УКМК органдары аткезчиликти токтотууга, экономикалык коопсуздукту жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоого багытында, укук коргоо жана башка органдардын мыйзамдуу аракеттерине тоскоолдук кылуудагы, чек ара конуштарынын тургундарын мындай кылмыштар үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар экендигин эске салышат.

 

874