7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткендеги окуучулардын массалык мушташынын себептери айтылды

774

Кечээ, 15-апрелде болжол менен саат 13:30да Баткен районуна караштуу Кара-Бак айылындагы Бото Нарматов орто мектебинин 8-классынын окуучулары ортосунда массалык мушташ чыккан.

Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аталган маалымат Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүрө баштаган. Анын жүрүшүндө Баткен биргелешкен ооруканасына 15-апрелде кечки саат 23:00дөр чамасында Кара-Бак айылынын 15 жаштагы 4 жаш өспүрүмү кайрылгандыгы белгилүү болду

«Окуучулар урууларга бөлүнүп, өз ара мушташа кетишкен», — деп билдиришти облустук милициянын басма сөз кызматынан.

Аталган факт Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси («ээнбаштык») менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

775