Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
“Мыйзам долбоорунда Баткен облусунун коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик программасына мамлекет тарабынан жыл сайын берилүүчү кошумча субсидиялардын көлөмүн 1,5 миллиард сомдон кем эмес өлчөмдө аныктоо сунушталууда” – деп айтылат маалыматта.
Каражат бюджеттен жылдын биринчи кварталынан кечиктирилбестен бөлүнөт. Буга чейин Баткенди колдоого жыл сайын 500 млн. сом гана каралчу.
Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Чынгыз Ажибаев, Жалолидин Нурбаев, Ырысбек Атажанов, Нурлан Ражабалиев, Искендер Матраимов, Миргүл Темирбаева, Камила Талиева, Медербек Алиев, Алишер Козуев жана Султанбай Айжигитов тарабынан демилгеленген.
Мыйзамга президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.