2024-жылдан тарта “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин кызматкерлеринин маянасы 2 эсе көтөрүлөт. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев соцтармактагы баракчасында билдирди.
“Ата-бабаларыбыз көмүлгөн “Ата-Бейитке” аз болсо да салым. Төраганын фондунан каражат бөлүндү, айлык акылары да эки эсе көтөрүлөт жакында. Бул жарытарлык жардам болбошу мүмкүн, бирок биздин колдон келгени азырынча ушул. Аракетибизди токтотпойбуз. 7-ноябрь — ата-бабаларды эскерүү күнү, салым кошобуз дегендер да чыгууда. “Көп түкүрсө — көл болот” демекчи, жок дегенде кышында кар күрөгөн, жайында чөбүн чапкан техника алып бергени каражат жыйнап жатабыз” – деп жазган Акаев.