Казакстандын Жамбыл облусунда кулчулукта калып калган кыргыздар көп экен. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Максатбек Сарбагышев билдирди.
“Биздин жарандар бүгүнкү күнгө чейин, дагы көпчүлүгү кулчулукта калып калган экен. Биздин Тышкы иштер министрлиги, акыйкатчы менен биргеликте жерине барып изилдеп, бизге расмий маалымат берип койсо” – деди ал.