Баткендик катуу ооруп калган жаран тик учак менен ооруканага жеткирилди.
Бүгүн, КР Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Баткен районунун эң алыскы, деңиз деңгээлинен 2300 метр бийиктикте жайгашкан Кожо-Ашкан жайлоосунда ооруп калган жаранды тик учак менен Ош облусуна ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бейтаптын жакындары билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен районунун Чоң-Кара айылынын тургуну Кожо-Ашкан жайлоосунда мал айдап жүрүп, кан басымы көтөрүлүп, инсульт оорусуна кабылып калган. Учурда жаран тик учак менен Ош шаарына ооруканага жеткирилди.
Азыркы тапта Ош шаарында ооруканада даарыгердин көзөмөлүндө.
Посмотреть эту публикацию в Instagram