Афганистандагы Талибан кыймылы Тажикстан менен чектеш районго өз көзөмөлүн орнотту. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Тажикстан менен Афганистандын ортосундагы Шерхан-Бандар бажы жана соода өткөрүү пункту Талибанга өткөн.
Афганистандын Кундуз провинциясындагы Имам Сахиб району Тажикстандын Хатлон облусундагы Панж району менен чектешкен. Кечээ, 21-июнда «Талибан» кыймылы бул районду өз көзөмөлүнө алып, учурда Кундуз шаарын алууга чабуулун баштаган.
Маалыматта: «Шаардын дарбазасы талибдердин колунда, бардык жагынан курчоого алынган. Калаадагы абал курчуй баштады», — деп айтылган.