Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн издөө боюнча ыкчам өкүлү милициянын майору Дилмурат Шамшиев 41 жашында өрт кырсыгына жардам берем деп мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Артында 3 баласы калды.
Дилмурат Шамшиев 1982-жылы 16-февралда Ош облусунун Кызыл-Кыя шаарында төрөлгөн. Ал Кыргыз Республикасынын ИИОна 24 жашында кабыл алынып, бир нече жыл кенже курамда кийин аймактык тескөөчү, жашы жете электер менен иштөө инспекциясында андан кийин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматында үзүрлүү эмгектенип, акыркы мезгилдерде кылмыш иликтөө бөлүмүндө кызмат өтөп, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө чоң салымдарын кошуп келген.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Дилмурат Шамшиевтин, үй-бүлөсүнө, бир туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
Эскерте кетсек, 27-октябрда Ош — Бишкек жолунда май ташыган унаа өрттөнүп, жалыны эки жеңил унаага жабышкан. Ошол күнү Баткенден Бишкекке эки милиционер тергөөгө байланышкан иш сапарга бараткан. Алардын унаасы жардам берүүгө токтоп, жалпы төрт киши жаракат алган. Катуу күйүп калгандыктан милиционер Дилмурат Шамшиев менен жай тургун ооруканада көз жумган.