Бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Динара Ашимова кара куурайдын жанына башка сортун эксе, кийинки жылы психотроптук күчү жоголо турганын айтты.
“Польшада, Украинада ушундай болгон экен. Кара куурайдын жанына башка сортун эксе, кийинки жылы психотроптук күчү жоголот экен. Андан дарыларды жасашат экен. Буга Европада суроо-талап абдан жогору. Кыргызстанда ар жылы капкара түтүн чыгарып өрттөп жатпайбызбы. Мага кара куурай боюнча долбоордун демилгечилери келди, сизге жөнөтөйүн, себеби сиз тараптан чечилет экен. Кыргызстанга пайдалуу болсо карап көрүңүздөр,”— деди Ашимова.