7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткендин жаңы жетекчилерин Новиков жамаатка тааныштырды

542

Бүгүн 5-майда КРнын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Абдикарим Алимбаевди Баткен облустук башкармалыгынын жамаатына тааныштырды.

А.Алимбаевди КРнын Өкмөтүнүн Баткен облуснудагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына дайындоо боюнча, тиешелүү буйрукка КРнын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койгон.

Буга чейин Алимбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары – Башкы штабдын башчысы кызматында эмгектенген.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары, Эрлан Сапарбаев жазган арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулуп, ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары кызматына Лейлек районунун акиминин биринчи орун басары кызматында иштеп турган Абдирашит Ташбалтаев дайындалды.

Ошондой эле Премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругуна ылайык, Баткен районунун акими Акылбек Орозов ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Учкунбек Жоробаев дайындалса, Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратовдун ордуна Алмазбек Рахманкулов дайындалды.

Кадамжай районунун актминин милдетин аткаруучу Абдыманнап Жакбаров да өз каалоосу менен жазган арызынын негизинде кызматынан бошотулуп, Кадамжай районунун акими кызматына Кутпидин Шакиров дайындалды.

Ал эми буга чейинки Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев башка кызматка которулган. Бул тууралуу Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

543