7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүүнү демилгеледи

534

Президент кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүүнү демилгеледи. Бул тууралуу өлкө башчы бүгүн, 5-майда жаңы Конституцияга кол коюп, андан соң элге жасаган кайрылуусунда билдирди.

Садыр Жапаровдун кайрылуусунда өлкөнүн буга чейинки абалы менен бүгүнкү күндөгү негизги көйгөйлөр айтылды.

«Урматтуу кыргызстандыктар! Кадырлуу калайык калкым! Эгерде биз жүлүнү бош, дарамети тайыз, мажүрөө эл болсок анда тарыхтын тегирменинде калып ың-жыңсыз жоголгон эчендеген элдер сыяктуу эбак эле атыбыз өчүп, жок болмокпуз. Бирок биз кең Евразиянын мейкиндиктеринде ондогон кылымдар бою кыргыз экенибизди унутпай, жемибизди жедирбей өз шыбагабызды көтөрүп, талашкан өжөр элбиз. Цивилизациялар чектешкен, түркүн маданияттар ашташкан жердин чок ортосунда жашап жатабыз. Демек, кыргыз ааламын таанып, өз жолубузду башкача айтканда экономикалык өз моделибизди өзүбүзгө ылайык ыгын табуу зарыл. Ийри отуруп, түз кеңешип алдыбыздагы ушул улуу мүдөө максаттын оош-кыйыш маселелерин талкуулап алуу үчүн эгемендүүлүктүн 30 жылдыгынын алдында кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүү демилгесин көтөрүүнү эп көрүп турам», — дейт ал.

Өз сөзүндө мамлекет башчы Курултай институту Конституцияга эмне себептен киргизилип жаткандыгын кошумчалады.

«Ар бир эл өзү аздектеп ардактаган дөөлөттөрдүн негизинде гана өз турмушун уюштурат. Биздин элде эзелден туу тутуп жашаган эки баалуулук бар, алар — эркиндик жана акыйкаттык. Баарыбыз чогуу жакында эле анык көрдүк, күн сайын көрүп жатабыз — эл адилетсиздикке чыдай албайт, укуктарын чектеген жашоого макул эмес. Биз „табигый башкаруу“, „улутубуздун табиятына жараша башкаруу“ концепциясын киргизебиз. Анын негизги жобосу — ар кандай чечим кабыл алуудан мурда жарандардын кызыкчылыктарын алдын-ала макулдашып алуу. Дал ушул себептен улам биз Конституцияга Курултай институтун киргиздик», — деп баса белгиледи.

Белгилей кетсек, бүгүн, 5-май Конституция күнү.

Президент Садыр Жапаров 5-май Конституция күнү менен куттуктады

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

535