7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенге 572 миң 931 тонна гуманитардык жардам жеткирилди

419

Баткенге 572 миң 931 тонна гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, гумжардамдардын 515 миң 81 тоннасы жабыркаган үй-бүлөлөргө жеткирилген. Дагы 57 миң 850 тоннасы кампада сакталууда. Гуманитардык жардам катары, негизинен азык-түлүк, кийим кече, турмуш тиричиликке керектелүүчү буюмдар, гигиеналык каражаттар келүүдө.

Гуманитардык жардам көрсөткөндөрдүн катарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, КР Жогорку Кеңеши, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Араб эмираттары, “Кызыл Ай” коому ошондой эле өлкөнүн бардык облустары, район-шаарлары, айыл аймактар жана жеке ишкерлер, коомдук уюмдар, кайдыгер карабаган катардагы жарандар жана башкалар түзөт.

Ошондой эле, облустук өкүлчүлүктүн атайын эсебине 11 миллион 684 миң 805 сом 92 тыйын каражат которулган.

Белгилей кетсек, облус аймагына келген гуманитардык жардамдарды туура жана даректүү бөлүштүрүү боюнча КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевдин атайын буйругу чыккан. Бул боюнча облустук коммисия түзүлгөн.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

420