7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен облусунун Орто-Боз айылында 26 убактылуу үй курулду

691

Баткен районунун Орто-Боз айылында 26 убактылуу үй курулуп бүттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова 4-майда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча медиа-штабда өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусунун эвакуацияланган тургундары эвакуациялык пункттардан өз айылдарына кайта баштады. Бирок, алардын үйлөрү жашоого жараксыз абалда болгондуктан, убактылуу турак жайлар орнотулган.

«Бүгүнкү күндө аталган айылда 150гө жакын адам жашайт. Убактылуу лагерде медициналык кызматкерлери менен медициналык пункт, тез жардам кызмат унаалары, дааратканалар жана тамак-аш даярдоочу жайлар бар. Биздин кызматкерлер күн ысыган маалда ар кандай жугуштуу оорулардын жайылбашына кам көрүп, көзөмөлдөп турушат. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана улгайган жарандар өзгөчө көзөмөлдө болушат», — деди Ализа Солтонбекова.
Медиа-штаб.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

692