7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ала качкандар Айзада Канатбекованы зордукташканы аныкталды

4565

Ала качуунун курмандыгы болгон Айзаданын зордукталганы аныкталды. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Токтакунов өзүнүн Facebook баракчасына видеотасмасын жүктөдү.

Анын айтымында, Айзада Канатбековнаны денесинен күч колдонуунун белгилери аныкталган.

«Мен силерге Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу өзүмдүн утурумдук маалыматымды сунуш кылам. Ушул күнгө карата Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Айзаданы ала качуу жана өлтүрүү боюнча кылмыш ишинин тергөөсүн бүтүрүп, аны сотко жөнөттү.

Маркум Замир Теңизбаев адамды уурдоо, өлтүрүү жана зордуктоого айыпталган. Тергөө Айзаданын зордукталганын көрсөттү. Анткени бул жөнүндө экспертиза белгилегендей, анын бетинде жана буттарында мындай учурларга мүнөздүү болгон дененин сыйрылгандыгы жана канталап көгөргөндүгү аныкталган.

Ала качуунун 5 катышуучусу дагы оор кесепеттерге алып келген адам уурдоого айыпталып жатышат. Тергөөчү жана прокурордун кеңешүүсүнөн кийин бул иш-аракетти «никелешүү максатында адам уурдоо» эмес, «адам уурдоо» катары сыпаттоо керек деп чечилген. Ошентсе да көптөгөн кемчиликтерге карабастан, тергөөчү бул ишти сотко жиберүүгө шашылды. Акылга сыйбаган бул иш-аракет дале болсо уланууда.

Тергөөчүнүн, бул окуя коомчулукта жараткан жаңырыгынан чочуп кеткен жетекчилиги өз кызматкерине кылмыш ишти тез арада сотко жиберүүгө буйрук берген. Аларда бул ишти тергөө үчүн дагы бир айдан ашык убакыт болуп турганда, мынчалык шашылуунун эмне кереги бар эле?!

Тергөө тактап берүүгө милдеттүү болгон суроо-талаптар дагы да көп. Мисалы, Айзаданын өлгөн убакыты аныкталган эмес. Бул судмедэксперттердин карамагында, бирок алар өлүм убакыты жөнүндөгү суроону жоопсуз калтырышкан. Бул жагдайды судмедэкспертти суракка алуу менен жөн эле аныктап койсо болмок, бирок тергөөчү анын жетекчилиги ишти дароо эле сотко жиберүүнү талап кылды деп жатат. Ошондуктан тергөөчү экспертти суракка албастан эле бул ишти сотко жиберген. Менимче бул акылга сыйбаган нерсе.

Кийинки эң кызыктуу жагдай, иштин материалдарына таянсак милиция тим эле кинодогудай аракет кылган экен. Карап көрсөңөр, бул 5-апрелдеги документ, ошол күнү алар жарандардын ала качуу жөнүндө видеокайрылуусун алып, талап кылынгандай көрсөтмөнү тараткан. Алар бүтүндөй ИИМ, ички иштер органдарынын өздүк курамын багыттап, кең масштабдуу издөө иш-чараларын баштаган. 5-апрелде РИИБ башчысы, Айзада Канатбекованын уурдалышына байланыштуу бүт иш-аракеттерди алдын ала камтыган толук планды бекитет. Фактыларды карап көрсөңүздөр, биздин милиция чындыгында эле кинодогудай аракеттенет экен деп ойлоп каласыз. Алар чындыгында эле ошол пландар менен иштегенде изделгендерди баары бир тапмак экен», — дейт ал.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал | Седьмой канал (@7kanal_official)

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4566