Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Жаштык, Борбордук, Арка-2, Достук айылдарында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте толугу менен күнү-түнү иш алып барууда.
29-30-апрель күндөрү эвакуация болуп айылдан чыгып кетип, бүгүнкү күндө өз айылдарына кайтып келген жарандарга милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, милициянын көчмө кабылдамасы арыз-кайрылууларды кабыл алып жатышат.
Учурда жогорудагы аталган аймактарда абал туруктуу. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.