7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстан мунай заттарын экспорттоону токтотту. Тажикстан менен келишими кандай?

25515

Казакстандын Энергетика министрлиги бензиндин, дизелдик отундун жана башка айрым мунайзат өндүрүштөрүнүн түрлөрүн экспорттоону токтотту. Бул тууралуу Казакстандын Энергетика министрлигинин буйругуна таянып, басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Казакстандан суюлтулган газдын 90 пайыздан ашыгын импорттогон Тажикстан болуп эсептелинет.

Буйрукта Казакстандын аймагынан бензинди, дизелдик отунду жана мунай заттарынын айрым түрлөрүн автоунаа менен ташып чыгууга, анын ичинде унаа өндүрүүчү тарабынан берилген бензин куюлган цистерналардан тышкары, көлөмү 20 литрден ашык бензин куюп чыгууга алты айлык тыюу салынат.

Ал эми Казакстан менен Тажикстандын 2021-жылга карата келишиминде 260 миң тонна бензин, 310 миң тонна дизелдик отун, 40 миң тонна авиакеросин, 30 миң тонна мазут, 40 миң тонна битум, 100 бар миң тонна мунай кокусу жана 50 миң тонна суюлтулган газ берүү макулдашылган.

Казакстандын Энергетика министрлигинин билдирүүсүндө, бул кадам “өлкөнүн ички рыногунда мунай продуктуларынын тартыштыгынын пайда болушуна жол бербөө менен түшүндүрүлөт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

25516