4-май 11:00гө карай тажиктердин агрессиясынан жабыркагандардын саны 189га жетти. Каза болгон жаңы учур катталган жок, жалпы 36 жаран каза болгон.
Бүгүн жеңил жаракат алгандар, үйлөрүнө чыкты. Аларга амбулатордук жардам көрсөтүлөт.
Учурда ооруканада Бишкек шаарындагы жана Баткен облусундагы оруканаларда жалпы 100 жаран даарыланып жатат.
Мурда айтылгандай эле абалы оор деген 59 бейтап Бишкек шаарына жеткирилген, Баткендин аймактык оруканаларында 41 бейтап дарыгердин көзөмөлүндө. Алардын абалы салыштырмалуу жакшы.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова, бүгүнкү брифингде дарыгерлер кан жанадаары дармек жетиштүү экендигин билдирди.
Эске салсак учурда Баткен, Лейлек райондорунда 81 медицина кызматкери эмгектенүүдө.
Мындан сырткары жарадар болгондор менен жакындарын, үй жайын жоготкондорго психологиялык колдоо көрсөтүү актуалдуу болуп турган чагы. Бишкектен 20, Оштон 4, жергиликтүү Баткенден 6 психолог-психотерапевт жеринде иш алып барууда.
Андан сырткары «Кызыл жарым ай» коомунан 15 волонтер жардам берүүдө.