28-29-апрель, 1-майда Тажикстандын аргессиясынан жабыркаган Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан айылдарын калыбына келтирүү иши мезгилинен кечигип жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште айтылды.
Министрлер кабинетинин өкүлү Данияр Иманалиев, ушул учурда жалпы 60 үй курулуп, 15 үй-бүлө даяр болгон үйгө киргизилгенин кабарлады.
«Маалыматка ылайык, Министрлер кабине тарабынан 700 млн сом бөлүү карадып, 435 млн сом берилген. Ал эми атайын эсептерге чогулган каражаттар 118 млн сомго жетип, ал каражат атайын комиссиянын көзөмөлүндө. Комиссия алгачкы арыздын негизинде Максат айылына суу чугаруу боюнча 12 млн сомдук долбоордун үстүндө иш алып барууда«-дейт Иманалиев.