Талас райондук администрациясынын башчысынын орун басары 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, Талас райондук администрациясынын башчысынын орун басары Т.К.Р. оң чечим кабыл алуу жана ишкердикти баштоого уруксат берүү үчүн жарандан 50 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган.
“Пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган адам Ички иштер башкармалыгынын Талас облусу боюнча бөлүмүнө киргизилди. Тергөө иштери уланууда”, — деп берилет маалыматта.