Караколдо жүк ташуучу унаадан өрт чыгып, жарымы күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-июль күнү саат 21:55 чамасында Каракол шаарынын Жамансариев менен Гречко көчөлөрү кесилишинде КамАЗ авто унаа күйүп жатат деген маалымат түшкөн.
«Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып саат 22:10 чектөөгө алып 22:30 да толугу менен өчүрүлгөн. Жалпысынан камаздын прицебинин эки дөнгөлөгү жыгач буткасы толугу менен күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда», — деп берилет маалыматта.