Жумгалда короодон өрт чыгып, 300 даана пресс чөп күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жумгал районунун Байзак айылы, Назарбеков көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда жыйылган чөп күйүп жатат деген маалымат түшкөн.
«Өрттү өчүрүүгө Жумгал райондук ӨКБнүн №43 бир бөлүгү тартылган, саат 05:50 өрт чектөөгө алынып жана 07:45 толук өчүрүдү. Натыйжада 300 даана пресс чөп күйүп, өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 100 даана пресс чөп сакталып калды», — деп берилет маалыматта.