Кечээ, 28-июльда Жогорку Кеңеш депутат Гульшат Асылбаева сунуштаган «Маалыматты манипуляциялоо» мыйзам долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен кабыл алды. Бирок, аталган мыйзам долбоорун коомчулук алдында катуу сынга алгандар да «макул» деп добуш бергени көпчүлүктү таң калтырды.
Эл өкүлү Каныбек Иманалиев, аталган мыйзам долбооруна добуш бербегенин, анын ордуна ким добуш бергенин билбесин жазды.
«Фейктер боюнча мыйзам долбооруна мен үчүн башка бирөө добуш бергени өкүнүчтүү. Эч кимге ишеним кат берген эмесмин»-дейт Иманалиев.