7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенге Россия 1200 орундуу орус мектебин куруп берет

624

Баткен шаарына 1200 орундуу орус тилдүү мектеп курулат. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарына Россия Федерациясы 1 миң 200 орундуу орус тилдүү, бардык шарттары менен комплекстүү мектеп куруп берет. Ал үчүн шаардык мэрия Чет-Булак кварталынан 2 га жер тилкесин бөлгөн.

«Бүгүн Россиядан келген атайын эксперт Радик Юлбаев мектеп комплекси үчүн бөлүнгөн жерде шаар башчысы Имамназар Бурканов жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Россия өлкөсүнөн келген эксперт 2022-жылдан тарта бүтүрүүчүлөрдү Башкортостан Мамлекеттик педагогикалык университетине бюджеттик негизде окуучуларды кабыл алып, адистерди даярдап берүүгө даяр экендигин билдирди«, — деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

625