Чүй облусунун «Сосновка» постунан 20 жаштагы кызды ала качып бара жаткандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-сентябрда саат 03:00 чамасында Ак-Ордо-3 конушунда 20 жаштагы кызды ала качып кеткендиги тууралуу маалымат укук коргоочуларга келип түшкөн. Анда белгисиз жарандар Ауди үлгүсүндөгү унаа менен кызды ала качып кетишкен.
«Чүй облусу боюнча «Перехват» планы жарыяланып, «Сосновка» постунан Ауди унаасы токтотулду. Унаада кыз менен бала бар экени аныкталды. Кызды эркине каршы никелешүү үчүн Токтогул районуна ала качып бара жатышкан.Учурда 1998-жылы туулган жаран Сокулук райондук тергөө кызматына алып келинди, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат», — деп кабарлашты мекемеден.