3-май, саат 11:00го карай, жабыркагандардын саны 183кө жетти. Алардын 99у оруканада, калгандары үйлөрүндө даарыланып жатат. Жабыр тарткандарга психологиялык жардам көрсөтүү үчүн бүгүн Бишкектен 10 психолог, 10 психитерапевт барат. Буга чейин 6 психолог иштеп жаткан. Бул туураулуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова брифингде билдирди.
Баткен жана Лейлек райондорундагы Тажикстан менен чек аралаш жайгашкан айылдарда Ата-Мекендин жерин коргоп, бир кадам артка жылбай баартырларча каза болгондордун саны 35.
Алардын табыты туулуп өскөн айылдарына жеткирилген.
2 май ИИМдин кечки маалыматы боюнча жаракат алган 162 жарандын 118ине ок тийген. Калгандары таштан, сокку жеген. Бүгүн кошулган 21 жарандын абалы такталууда.
Учурда Бишкек жана Баткендеги оруканаларда 99 жаран даарыланууда.
- Бишкек илим изилдөө, травматология жана ортопедия борборунда — 35,
- Улуттук госпиталда — 12,
- Улуттук хирургияда -9,
- Баткен облустук ооруканасында 11,
- Кызыл-Кыя а.о. -1,
- Самаркандек а.о. — 2,
- Лейлек а.о. — 13,
- Кадам-Жай а.о. -16 бейтап дарыгердин көзөмөлүндө.
Алардын 24ү аскер, 75и карапайым жергиликтүү тургундар.
Бишкекте даарыланып жаткан 56 бейтаптын ичинен бирөөнүн абалы өтө оор, 5 бейтап салыштырмалуу оор абалда экендиги айтылат.
аламаттыкты сактоо министрлиги бүгүнкү күндө бейтаптарга зарылболгон даары дармектер, кан жетиштүү деп билдирет.