7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

#Баткеним_менин. 40ка жакын үй курулуш компаниялар тарабынан курулат

802

Үстүбүздөгү жылдын 28-апрелинде кыргыз-тажик чек ара чыры айтышуудан башталып, атышууга чейин уланды. Тажик тарап Баткендеги Головной суу бөлүштурүүчү пунктунун айланасында жайгашкан айылдарга курал жарактар менен басып кирип 78 турак үйдү, 2 мектепти, 1 фельдшердик жана акушердик пункт, 3 чек ара бекетин, 1 бала бакча, 10 май куюучу бекет, ИИБдин 1 имараты жана 8 дүкөндү өрттөп, 35 кыргызтандыктын өмүрүн алып, 183 жарандын ден соолугуна залал келтирди.

Үч күн уланган каргашалуу кагылышууда Баткен районунун Максат айылындагы турак үйлөрдүн дээрлик басымдуу бөлүгү күлгө айланды. Кайдыгер карабаган ар бир кыргызстандык колунан келген жардамдарын көрсөтүшүүдө. Жаракат алгандардын эң негизги чечүүчү маселеси бул — турак үй. Дал ушул көйгөйдү жеңилдетүү үчүн өлкөдөгү курулуш компаниялар жакшы саамалык баштап, турак жай куруп берүүнү колго алышты.

«Эмаком» курулуш компаниясынын директорунун орун басары Кумар Үсөнов:

«Эң жакыр жашаган 3 үй-бүлөгө турак жай куруп берүүнү ниеттенип жатабыз. Ошондой эле ушуну менен токтоп калбайбыз, кандай жардам керек болсо кол сунууга даярбыз. Азыр Баткен, Ош, Жалал-Абад деп бөлүнүүчү убак эмес, Баткен биздин жерибиз, Кыргызстаныбыз. Азыр бардык эле курулуш тармактары кол сунууга оң көз карашта экендигин билдиришүүдө», — деген пикирин билдирди.

«Нурзаман» курулуш компаниясынын коомчулук менен байланыш бөлүмү:

«Чыр-чатак болуп жаткан аймакта биздин бир туугандар, достор, мекендештер жабыр тартууда. Акыркы суткада Баткенде канчалаган бейкүнөө адамдар жабыркады. Алар жардамга, колдоого муктаж! Бул кырдаалда биздин курулуш компания кайдыгер четте карап турбайт. «Нурзаман» курулуш компаниясынан Баткенге 3 миллион сом бөлүндү. Анын 1 миллиону Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын эсептик эсебине, ал эми 2 миллиону ушул окуяда жабыркаган үй бүлөлөрдүн колуна тапшырылат. Достор, кошулуңуздар, биргеликте Баткенди колдоого алалы! Кайдыгер карабагандарга, айрыкча өлкөнүн ишкерлерине кайрылабыз — чек ара аймагында жашагандар, биздин жардамга муктаж», — деп ишкердерди саамалыкка кошулууга үндөдү.

«Каганат Инвест» курулуш компаниясы 20 үй-бүлөнү турак жай менен камсыздамай болду. Бул тууралуу чечимди холдингдин негиздөөчүсү Нурбек Осмонов чек ара чырында жабыркаган мекендештерге колдоо көрсөтүү иретинде кабыл алган.

“Жакындарынан ажыраган үй-бүлөлөрдүн кайгысын тең бөлүшүп, мындан ары кыргыз элимде жамандык болбосун, энелердин көз жашы төгүлбөсүн, тынчтыкта элим өмүр сүрсүн!”- деген каалоосун билдирди.

Кечээ, 2-майда Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуялардан улам жабыркаган Баткен облусунун жашоочуларынын үйлөрү мамлекеттин эсебинен толугу менен калыбына келтирилерин президенттин аппараты маалымдаган. Ошону менен бирге, калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон турак жайлар мамлекеттин эсебинен бекер курулуп берилет.

МААЛЫМДАМА: Эртең, 4-майда саат 17:00дө кыргыз-тажик чек ара чырында талкаланган үйлөрдү куруу боюнча курулуш компаниялар менен премьер-министр Улукбек Мариповдун жолугушуусу күтүлүүдө.
Курулуш комитетинин мүчөлөрү эртең саат 12: 00дө чогулуп, жардам берүү тууралуу талкуулашат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

803