7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

#Баткенге_жардам. Баткендик жарандарга IT адистиги акысыз үйрөтүлөт

706

Программалык камсыздоону иштеп чыгуучулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кыргыз ассоциациясы Баткен облусунун жашоочуларына IT боюнча акысыз билим берет. Бул тууралуу алар «Инстаграм» баракчасына жазды.

Курстар 2030-жылга чейин Кыргызстанда 50 миң программист даярдоону максат кылган «Бир үй-бүлө — бир программист» долбоорунун алкагында жеткиликтүү болот.

«Соңку окуяларга байланыштуу бүт өлкө Баткендеги мекендештерибизге жардам берүү үчүн өз күчтөрүн жумшоодо. «50 000 программисттер» долбоору Баткен облусунун жашоочуларын колдоо максатында, бардык курстарда акысыз негизде окутууга даяр», — деп жазылат билдирүүдө.

Аталган ассоциация окууда жакшы жыйынтык көрсөткөн окуучуларга стипендия төлөөгө даяр экенин кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

707