Баткендеги чек ара чырында жабыр тарткан жарандардын «Мөл-Булак» микрокредиттик компаниясынан алган насыялары кечилди. Бул тууралуу маалыматты аталган компаниянын жетекчиси Бабур Төлбаев билдирди.
Төлбаевдин айтымында, жабыркаган элдин карызынын жалпы суммасы 3 миллион 312 миң сомду түзөт.
«Карызды кечүүдөн сырткары, чек арадагы каргашалуу окуяда жапа чеккен үй-бүлөлөргө 10 миң сомдон, каза болгондордун жакындарына 25 миң сомдон берилип, жалпы материалдык жардамдын суммасы 5 667 109 сомду түздү»,-деди Төлбаев.