Жогорку Кеңешинин депутаты Урматбек Самаев чек ара чыр-чатагында жабыркагандарга 1 млн сом өлчөмүндө жардам көрсөттү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы маалымдайт.
“Кыргызстан оор күндөрдү баштан кечирүүдө. Азыр бири-бирибизди колдоп, Баткен облусунун чыр-чатактан жабыркаган чек ар аймактарынын калкына жардам көрсөтүү өтө керек болуп турат”, — деди эл өкүлү.