Кыргыз өкмөтү 2021-жылдын 12-мартында чет өлкөдөн келген эмгек мигранттарына салык салууну жөнөкөйлөтүү максатында, «Ыктыярдуу патенттин негизинде, салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндөгү» токтомуна озгөртүүлөрдү киргизген.
Башкача айтканда, эмгек мигранттарына 800 сомдон берилген ыктыярдуу эмгек патентинин төлөмү кыскартылган.
Натыйжада өткөн 1 ай ичинде 201 патент берилип, андан 160 000 бюджетке киреше кирген.
Бул тууралуу Салык кызматынын өкүлдөрү бүгүн, 6-май Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясында, депутаттын суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Эске салсак, аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов тарабынан демилгеленип, Салык кызматы тарабынан ишке ашууда.
Пирматов бул пармактагы коррупциялык көз боёмочулуктарга тыюу сала алсак бюджетке 1 млрд киреше кирмек деген пикирин айтып келет.