Кыргыз-Тажик чек арасындагы чырдан «Ошэлектр» ААКтын Баткен жана Лейлек районундагы электр тармактары зыянга учурады.
Баткен району боюнча:
— 10кВ аба чубалгысы узундугу – 0,5км,
— 0,4кВ аба чубалгысы узундугу – 1км,
— трансформатор 100кВА – 2 даана,
— трансформатор 160кВА – 1 даана,
— КТП шкаф – 1 даана жана жалпысынан 881 493 сомдук зыян тартуу болду.
Азыркы учурда «Ошэлектр» ААКтын Баткен райондук электр тармактары тарабынан түзүлгөн жумушчу топ Ак-Сай, Достук айылдарында зыянга учураган электр линияларын калыбына келтирип, аталган айылдарды электр энергиясы менен толук кандуу камсыз кылды.
Лейлек району боюнча:
— 10кВ аба чубалгысы узундугу – 0,45км,
— 0,4кВ аба чубалгысы узундугу – 0,6км,
— трансформатор 100кВА – 1 даана,
— трансформатор 250кВА – 1 даана жана жалпысынан 547 254 сомдук зыян тартуу болду.
Лейлек району боюнча Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Максат, Интернациональный жана Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу Арка-2, Борбордук айылдарында электр тармактар талкаланып электр энергия үзгүлтүккө учураган. Бүгүнкү күндө Лейлек РЭТи аталган айылдарда аба чубалгыларды куруп, трансформаторлорду орнотуп электр энергия элге берилди.
«Ошэлектр» ААКтын Баткен РЭТи тарабынан талкаланган электр тармактары кайрадан оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бүгүнкү күндө зыянга учураган электр линиялары калыбына келтирилип, аталган айылдарга электр энергиясы өз нугунда жеткирилип берилди.