Чүй облусунун Лебединовка айылында белгисиз адамдар 26 жаштагы Изат Курбанованы уурдап кетишти. Бул тууралуу кыздын жакындары жергиликтүү маалымат булактарына кайрылышкан.
Алардын айтымдарында, кызды «Шекер» дүкөнүнүн жанынан уурдашкан. Уурдоо учуру видеокамерага түшүп калган.
Чүй облусунун ИИБи бул маалыматтын чын экенин тастыктап, Изат Курбанованын кечээ уурдалгандыгы боюнча анын сиңдиси арыз келип түшкөнүн маалымдашты.
«Аламүдүн райондук ИИОнун нөөмөт бөлүмүнө 2001-жылы туулган К.Ф. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 5-май күнү саат 23:00дөр чамасында эжесин уурдап кеткендерге карата чара көрүүнү суранган. Топтошкон эркек балдар кызды «Toyota Camry» үлгүсүндөгү автоунаага салып, из жашырып кетишкен. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн өздүгүн аныкташып, жашаган жерине кетишти», — деп берилет маалыматта.
Посмотреть эту публикацию в Instagram