7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Батыш Казакстан облусунда болжол менен 3 300 баш бөкөн жок кылынды

396

Батыш Казакстан облусунда бөкөндөрдүн саны боюнча эсеп жүргүзүлдү.  Бул тууралуу Kazinform агенттиги билдирди.

Маалым болгондой, Батыш Казакстан облусунда бөкөндөр алдын ала эсеп боюнча 1,9–2 млнго жетти. Бул тууралуу аймактык токой жана жаныбарлар дүйнөсү инспекциясынын башчысы Нурлан Рахимжанов билдирди.

Анын айтымында, былтыр аймакта 2,3 млн баш бөкөн катталган. Учурда аларды коргоо жана көзөмөлдөө иштерине инспекторлор, мобилдик топтор жана атайын техника тартылган. Алар негизинен Жанибек жана Казталов райондорунда топтолгон. Ошол эле учурда жапайы жаныбарлардын өлүмү көбөйүп, бүгүнкү күнгө чейин 3 281 бөкөндөрдүн өлүгү жок кылынды. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында айрымдарынан пастереллез оорусу аныкталган.

397