7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуттук банк жогорку инфляциянын негизги пайыздык ченин 12% деңгээлинде сактап калды

188

2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда инфляциянын деңгээли 3,9 пайызды түздү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди.

Анын айтымында, инфляциянын өсүшү Кыргызстанда гана эмес, аймактагы өлкөлөрдө жана негизги соода өнөктөштөрдө да байкалууда. Ошондой эле ички факторлор, анын ичинде бекитилген тарифтик саясаттын алкагында тарифтердин пландуу түрдө жогорулашы олуттуу таасир этүүдө.

«Ошол эле учурда өлкөдөгү инфляциялык күтүүлөр салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда. Бул көбүнчө катаал акча-кредиттик шарттар жана валюта рыногундагы туруктуу абал менен камсыз кылынууда», — деди ал.

Козубеков ошондой эле Улуттук банк 2025-жылы эсептик ченди (учётная ставка) үч жолу — 9 пайыздан 11 пайызга чейин көтөргөнүн эске салды. 2026-жылы чен 12 пайызга чейин жогорулатылган. Мындай чаралар инфляцияны ооздуктоого жана орто мөөнөттүү келечекте максаттуу деңгээлди 5-7 пайыздын чегинде кармоого багытталган.

«Улуттук банк баалардын жана макроэкономикалык туруктуулукту сактоо үчүн монетардык инструменттердин жардамы менен экономикадагы акча сунушун жана ликвиддүүлүктү жөнгө салууну улантууда», — деп баса белгиледи ал.

189