7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Базар-Коргон: Шайлоо алдында өткөрүлгөн рейдде 2 даана ок атуучу курал алынды

694

Базар-Коргондо 28-ноябрда өтө турган шайлоого карата өткөрүлгөн рейд учурунда 2 даана ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, район аймагында жүргүзүлгөн “Арсенал” ыкчам алдын алуу иш чарасынын алкагында милициянын профилактикалык каттоосунда турган, мурда соттолгон 43 адам, чыр-чатак көп катталган 25 үй-бүлө текшерилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле милициянын участкалык инспекторлору өздөрү тейлеген аймактарда жүргүзгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 2 даана ок атуучу курал  алынган.

Мындан сырткары Базар-Коргон РИИБи тарабынан 3 күндүк «Укук тартип» аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чара негизинен калк арасындагы кылмыштуулукка бөгөт коюу, жол кырсыктарынын санын азайтууга багытталды. Рейддин алдында өздүк курамга саптык кароо өткөрүлүп, жарандар менен сылык мамиледе болуу керектиги эскертилди.

Иш-чара учурунда милиция тарабынан паспорттук эреже боюнча 363 кожолуктан турган 1812 адам жана 185 мергенчиликти сүйүүчүлөр текшерилди. Ар түрдүү укук жана тартип бузган 42 адамга Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде протоколдор толтурулду.

Мындан сырткары милициянын көчмө кабылдама унаасы менен кызматкерлер эл аралашып, улуттар аралык араздашуулардын, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, мал уурулуктарынын алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

695