7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Базар-Коргон суу канал» ишканасынын жетекчилиги кармалды

393

«Базар-Коргон суу канал» муниципалдык ишканасынын жетекчилиги абоненттерден алган акча каражаттарды ич ара ыйгаргандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Аталган иш-кананын директору, башкы инженер жана техникалык адис шаардын авариялык делген суу түтүктөрүн оңдоо жана алмаштыруу керек деген шылтоо менен инспекторлордон мыйзамсыз акча чогулткан. Кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында, акча каражаттарын жалган, фиктивдүү жол менен эсептен чыгарып турушкан.

21-апрелде аталган адамдар кармалып, тергөө абагына киргизилген.

Мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо үчүн ишкананын каржы-чарбалык ишмердүүлүгүнө аудитордук текшерүү иштери дайындалды.

394