Түркмөн лидеринин сапары Кыргызстанга эмне алып келет?
164
Түркмөнстандын Халк маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовдун Ысык-Көлдөгү сапарыны тегерегинде да ар кандай сөздөр жүрүп, ар ким өз деңгээлине жараша кабыл алууда. Жогорку даражалуу коноктун урматына уюштурулган ат оюндары, расмий тосуп алуу, кечки жолугушуулардан улам, көпчүлүк ардактуу конок жөн гана эс алууга келгендей кабыл алууда.
Бирок бул визит жөн гана протоколдук иш-чара эмес. Чынында, Бердымухамедовдун Борбор Азия боюнча сапары экономика жаатындагы сүйлөшүүлөр менен байланыштуу. Ал Казакстанда Токаев менен жолуккан, Кыргызстанда Садыр Жапаров менен сүйлөшүү өткөрдү, эми Өзбекстанда Мирзиёев жана Россиянын ТИМ башчысы Лавров менен үч тараптуу жолугушуулары күтүлүүдө.
EurasiaToday жазган маалыматтарга караганда, башкы маселе — түркмөн газын Кытайга жеткирүүчү транзиттик түтүк. Анын бир бөлүгү Кыргызстандын аймагы аркылуу пландалган. Эгер долбоор ишке ашса, Кыргызстан жылына 100 миллион доллардан кем эмес киреше алып, түштүк аймактар арзан газ менен камсыз болот.
Бул жолугушууну геосаясий оюн катары чечмелегендер да жок эмес. Адатынча бирөө Кытайдын кызыкчылыгы десе, башкасы Россияга каршы кадам катары сүрөттөп жатат.
Бирок бул иш жүзүндө регионалдык экономикалык долбоор экени ачык көрүнүп турат.
Ошондуктан, бул визитти «кимге каршы?» деген суроо менен эмес, «бизге кандай пайда?» деген суроо менен карасак, жооп анык болот.