7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Стамбулда кармалган кыргыз жараны ТИМдин көзөмөлүндө

575

Стамбул аэропортунда кыргыз жаранынын кармалгандыгы тууралуу маселе Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жана Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринин көзөмөлүндө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Буга чейин математика боюнча эл аралык олимпиаданын 2-туруна катышуу үчүн окуучуларды коштоп жүргөн Н.А аттуу кыргыз жараны Түркияда кармалгандыгы тууралуу маалымат чыккан.

“Бул маселе ТИМдин жана Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринин көзөмөлүндө. Кармалган кыргыз жаранынын жакын туугандары менен үзгүлтүксүз байланыш түзүлүп турат”, — деп айтылат маалыматта.

Стамбул шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу Түркиянын компетенттүү органдары менен Кыргыз Республикасынын жаранына жардам көрсөтүү боюнча иш алып барууда. Кармоонун жагдайларын жана себептерин тактоо боюнча зарыл иштер жүргүзүлүүдө.

576